Бишкек — Ош унаа жолу жүргүнчүлөр үчүн ачык

Жазылуу
Буга чейин аталган кан жолдун 380-чакырымына битум ташып бара жаткан автоунаа оодарылып кетип, жол кыймылына тоскоолдук жаратканы айтылган.

БИШКЕК, 12-июл. — Sputnik. Бишкек — Ош унаа жолу төгүлгөн битумдан тазаланып, каттам ачылганын ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.

Буудай түшүмүн жыйноо. Архив - Sputnik Кыргызстан
Сузакта комбайндан чыккан жалын 15 гектардагы арпа-буудайды жалмап кетти
Маалыматка ылайык, бүгүн саат 09:30 чамасында Бишкек — Ош унаа жолунун болжол менен 380-чакырымындагы Капчыгай аймагында битум ташып бара жаткан автоунаа оодарылып кетип, эки тараптуу кыймылга тоскоолдук жараткан. Кырсык болгон жерге жол тейлөө ишканасынан техникалары барып, саат 10:30 чамасында жол битумдан тазаланып, жол каттамы толук ачылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0