Нарын академиялык музыкалык-драма театрына директор каралууда

Жазылуу
Директор болчумун дегендердин документтери 26-июлга чейин кабыл алынат.

БИШКЕК, 12-июл. — Sputnik. Маданият, маалымат жана туризм министрлиги Нарын облустук Муратбек Рыскулов атындагы академиялык музыкалык-драма театрына директор болчулар үчүн конкурс жарыялады. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы билдирди.

Белгилүү манасчы Замирбек Баялиев. Архив - Sputnik Кыргызстан
"ЮНЕСКО шедеврлеринин жолугушуусу" фестивалына манасчы Замирбек Баялиев катышууда
Ага ылайык, болочоктогу директорлорго бир нече талаптар коюлган. Биринчиси кесиби боюнча жогорку билими болушу керек. Ошондой эле театралдык мекемелерди башкаруу боюнча эмгек тажрыйбасы 3 жылдан кем болбошу шарт. 

Андан сырткары жамаатты башкара билүүсү, долбоорлорду иштеп чыгып, жазып жана аны аткара билүүсү зарыл. Маанилүү талаптардын катарына сүйлөшүүлөрдү жүргүзө билүү жана эл алдында сүйлөй алуу жөндөмдүүлүгү да кирет.

Директор болом дегендер документтерин министрликке 26-июлга чейин тапшырса болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0