Кыргызстан менен Тажикстан экстремизм, терроризмге каршы эриш-аркак күрөшөт

© Фото / пресс-служба Генпрокуратуры КРАла-Арча резиденциясында эки мамлекеттин башкы прокурорлору — Юсуф Рахмон менен Индира Жолдубаева жолукту
Ала-Арча резиденциясында эки мамлекеттин башкы прокурорлору — Юсуф Рахмон менен Индира Жолдубаева жолукту - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тажикстандын башкы прокурору Юсуф Рахмон Кыргызстанга жумушчу сапары менен келди.

БИШКЕК, 11-июл. — Sputnik. Кыргызстан менен Тажикстан эл аралык экстремизм жана терроризмге каршы эриш-аркак күрөшөт. Мындай маселе Тажикстандын башкы прокурору Юсуф Рахмон Кыргызстанга болгон жумушчу сапары маалында көтөрүлдү. Бул тууралуу КР Башкы прокуратурасынын маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, мамлекеттик Ала-Арча резиденциясында эки мамлекеттин башкы прокурорлору — Юсуф Рахмон менен Индира Жолдубаева жолукту.

Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Азамат Жаманкулов. - Sputnik Кыргызстан
КМШ мамлекеттери туризмди бирге өнүктүрүүгө кызыкдар
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки өлкөнүн компетенттүү органдары ортосунда кылмышкерлерди экстрадициялоо маселеси жана кылмыш иштеринде укуктук жардам берүүгө макулдашты.

Андан сырткары Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында улуттар аралык кылмыштуу топко жана маңзат менен курал-жарактын аткезчилигине каршы күрөшүү маселелери да көтөрүлдү. 

Ошондой эле эки мамлекеттердин аймагында жүргөн жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоону талкуулашты.

Иш-сапардын алкагында тажикстандык делегация кыргыз прокуратурасынын ишмердиги менен таанышат.

Жаңылыктар түрмөгү
0