Бишкекте чөгүп бараткан баланы кантип сактап калышкандыгын күбө болгон аял айтып берди

© Sputnik / Табылды КадырбековБассейнге тушүп жаткан адам. Архив
Бассейнге тушүп жаткан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Баланы суудан куткаруучу эмес, кызгылтым көйнөкчөн кыз алып чыкты деп айтып берди аял.

БИШКЕК, 11-июл. — Sputnik. Жекшемби күнү Бишкектеги "Тартуга" эс алуу борборунда кырсык болуп, 8 жаштагы бала аз жерден сууга чөгүп кете жаздады. Ооруканага жеткирилген бөбөктүн абалы учурда оор экендиги, эсине келе албай жаткандыгы кабарланууда.

Окуяга күбө болгон Бактыгүл Медербекова Sputnik Кыргызстан агенттигине окуянын кандай болгондугун айтып берди.

Медербекова ал күнү сиңдиси жана үч баласы менен дал ошол жайга эс алгандыгын айтып берди.

"Жаңы эле тамак ичип бүтүп, кетели деп жатканбыз. Болжол менен ары жактан 15.15-15.30дарда дүрбөлөңгө түшүп, ызы-чуу болуп калышты. Бассейнге чуркап барып, чекесинде жаткан баланын эркек киши дем алдырууга аракет кылып жатканын көрдүм. Бөбөк көгөрүп кетиптир",— деп апкаарып айтып берди аял. 

Медербекова бассейндин куткаруучусун таппай калып, сууга секирген кыз эс алуучу окшойт деп боолголоду.

"Кызгылтым көйнөкчөн кыз суунун түбүндөгү баланы байкап калып, аны бассейндин жээгине алып чыккандыгын айтты. Куткаруучулар кайда кеткендигин билбейм. Андан кийин гана 20-22 жаштар чамасындагы куткаруучу баланын, менин пикиримче, тажрыйбасы жоктугун байкадым",— деп нааразы болду ал.

Река Ак-Буура. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
"Ак-Буура" дарыясына аккандар бири-бирин куткарам деп, үчөө каза болуп калды
Медербекова ал жердегилер баланы жасалма дем алдырганга, өпкөсүндөгү сууну алып чыкканга аракет кылышканын айтып берди. 

"Эркек киши он мүнөттөй жан алакетке түшүп жатты, бир тизесине жаткырат, бирде аркасын ургулайт. Баланын атасы дүрбөлөңгө түшүп, апкаарып калды. Чакырылган Тез жардамды күтпөй эле, уулун ооруканага өзү алып кетти", — деп айтып берди күбө болгон аял.

Ал бир аз кечирээк милиция менен тиешелүү медиктер жетип келишкендигин кошумчалады.

"Бөбөк алгач, бассейндин балдар сууга түшкөн жеринде эле болуптур. Атасы ижарага алган үйлөмө колго таккычтарды тапшырганы кеткен учурда, чоңдор сүзгөн жагына барып, сууга кулап түшүптүр. Ал жер бир топ эле терең болучу",— деди ал.

Медербекова кырсыктан кийин окуядан коркуп калган аялдар көз жаштарын сүртүп алып, балдарын колунан бекем кармаган тейде тарап кетишкендигин айтты. 

Буга чейин Бишкектеги №3 шаардык балдар ооруканасынын башкы дарыгеринин орун басары Гүлнара Жанабилова Sputnik Кыргызстан агенттигине бөбөк кайра жандандыруу бөлүмүндө жаткандыгын, учурда эсине келе электигин айткан.

Ал гипоксиядан, тагыраагы мээге кычкылтек жетпей калгандыктан оор абалга түшүп калгандыгын билдирди.

Кыргызстанда адамдын өмүрүн алган кандуу көл-дарыялар жөнүндө Sputnik Кыргызстан материалынан окуңуздар>>

Жаңылыктар түрмөгү
0