Бишкек — Ош жолунда тыгын жоюлуп, каттам толугу менен ачылды

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкек — Ош жолундагы автоунаа. Архив
Бишкек — Ош жолундагы автоунаа. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин күбөлөр автотыгын Токтогул суу сактагычынын аймагында пайда болгонун билдиришкен.

БИШКЕК, 24- июл. — Sputnik. Бишкек — Ош жолуна түшкөн көчкү тазаланып, каттам толугу менен ачылды. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине ӨКМ маалымат кызматынын өкүлү Абдышарип Бекилов билдирди.

Эскерте кетсек, аталган жолдун 421-чакырымына көчкү түшүп, жол каттамы жабылып калган. Түштөн кийин жол тазаланып, жеңил машиналар үчүн бир тараптуу каттам ачылып, жүк ташуучу унаалар өткөрүлбөй турган. Мындан улам узакка созулган автотыгын пайда болуп, жолоочулардын күтүп турганы айтылган.

"Учурда жолдун эки тарабы тең ачылды. Жеңил унаалар да, жүк ташуучу машиналар да өтүп жатат. Бирок ӨКМ кызматкерлери дагы деле ошол жерде иш алып барышууда", — деди Бекилов.

Буга чейин автотыгын Токтогул суу сактагычынын аймагында пайда болгонун күбөлөр билдиришкен.

Жаңылыктар түрмөгү
0