Тонолгон россиялык үй-бүлө Ысык-Көлдө бекер дарыланмай болду

Жазылуу
Бүгүн аталган үй-бүлө менен өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлү Асхат Акибаев жолугуп, мындай окуя буга чейин болбогонун белгиледи.

БИШКЕК, 8-июл. — Sputnik. Майып баласын дарылатуу үчүн Ысык-Көлгө келе жатып, каракчыларга туш болгон россиялык үй-бүлө Ысык-Көлдөгү пансионаттардын биринен бекер дарылана турган болду. Бул тууралуу кыргыз өкмөтүнүн аталган облустагы өкүлчүлүгү билдирди.

Ребров үй-бүлөсү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Тонолгон россиялык жаран: окуяга премьер-министрдин кийлигишкенине таң калдым
Эскерте кетсек, 4-июль күнү россиялык жарандар Токмоктун тушунан өздөрүн милиция кызматкерлерибиз деп тааныштырган каракчылардын колунан жабыр тартып, 20 миң рубль, 45 миң сом жана 100 евросун тонотуп ийишкен.

Бул иш премьер-министр Сооронбай Жээнбеков, ИИМ башчысы Кашкар Жунушалиев жана Чүй ОИИБ жетекчиси Капар Батырканов жеке көзөмөлүнө алып, Кылмыш жаза кодексинин 166-беренесинин (Шылуунчулук) негизинде кылмыш иши козголгон.

Бүгүн ИИМ аталган кылмышка шектүү катары эки киши кармалганын, алар мурда укук коргоо органдарында иштеп келгенин кабарлады.

"Сиздердин үй-бүлө туш болгон окуя буга чейин эч болгон эмес, ишенип коюңуздар. Кыргызстандыктар абдан меймандос, колу ачык эл. Буга көп ирет күбө болосуздар", — деди өкүл Асхат Акимбаев үй ээси Дмитрий Ребров менен жолугуп жатып.

Россиялык мейман көрсөтүлгөн жардам үчүн ыраазычылык билдирип, укук коргоо орган кызматкерлеринин ыкчам аракетине баа берди. 

Ысык-Көл облусунун жетекчилиги россиялык үй-бүлө кабылган окуяны көзөмөлгө алып, кандай маселе болбосун, жардам берүүгө даяр турат.

Жаңылыктар түрмөгү
0