Бишкек — Ош жолу кайрадан тосулуп калды

Жазылуу
Унаалар кезек кезеги менен өткөрүлүп, милиция кызматкерлери тарабынан көзөмөлгө алынган.

БИШКЕК, 8-июл. — Sputnik. Бүгүн, 8-июль күнү Бишкек – Ош унаа жолу кайрадан тосулуп калгандыгы тууралуу ӨКМ билдирди. 

Дорога в горах. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Токтогулда жолдо бараткан унааны таш басып, айдоочусу менен келини каза болду
Маалыматка караганда эртең мененки саат 9.00дө Таш-Көмүр шаарынын тушунан өткөн Бишкек – Ош унаа жолунун 421-чакырымында ылай аралашкан калдык түшүп жолду каптап калган. 

Учурда жолду тазалоо иштери аткарылууда, ага үч инженердик техника тартылган.

Ал эми унаалар кезек-кезеги менен өткөрүлүп, милиция кызматкерлери тарабынан көзөмөлгө алынган. Мындан тышкары, Тез жардам кызматкерлери да бардык жагдайга даяр турушары маалымдалды.

Жаңылыктар түрмөгү
0