Кадамжайдагы аймактык оорукананын курулушун аяктоо үчүн 88 млн. сом керек

© Sputnik / Константин Чалабов / Медиабанкка өтүүКуруу иштери. Архив
Куруу иштери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда аталган оорукана бейтаптарды станционардык режимде кабыл алып келет.

БИШКЕК, 8-июл.— Sputnik. Баткендин Кадамжай районундагы аймактык оорукананын курулушун аягына чыгаруу үчүн 88 миллион сом керектелет. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбековдун аталган облуска болгон иш сапарынын натыйжасында белгилүү болду.

Маалыматка ылайык, оорукана 1958-жылы салынган. Ал эми 2011-жылы болгон жер титирөөдөн улам кооптуу абалда калган имараттардын катарына кирген. 

Этти текшерүү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Министр: WhatsApp аркылуу күйдүргү боюнча тараган кабар чагымчылдык болушу мүмкүн
Президент Алмазбек Атамбаевдин демилгеси менен жаңы имарат куруу үчүн республикалык бюджеттен каражат бөлүнүп, оорукананын бир блогу салынып бүткөн. Ал эми бюджет таңсыктыгынан улам экинчисинин курулушу токтоп калган. Аны аягына чыгаруу үчүн 88 миллион сом зарыл. 

Үй-бүлөлүк медицина борборунун жетекчиси Орозмат Темировдун айтымында, учурда аталган оорукана бейтаптарды станционардык режимде кабыл алууда. 

Турсунбеков өкмөт менен биргеликте аймактык оорукананын курулушун аягына чыгаруу боюнча аракеттерди көрөрүн убадалап, эмгек жамаатка иши үчүн ыраазычылык билдирди.

Эскерте кетсек, төраганын иш сапары бүгүн аяктайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0