Нарында мыйзамсыз кыйылган Тянь-Шань карагайлары аныкталды

Жазылуу
Мындай аракеттер Мамлекеттик экологиялык техникалык инспекциясынын атайын текшерүүсүнүн жыйынтыгында билинген.

БИШКЕК, 8-июл. — Sputnik. Нарын районуна караштуу Салкын-Төр мамлекеттик жаратылыш сейил багын пландуу текшерүү учурунда мыйзамсыз кыркылып кеткен беш даана Тянь-Шань карагайы аныкталды. Бул тууралуу Мамэкотехинспекциянын маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, Салкын-Төр жаратылыш паркынын токойчусуна 9155 сомдук доо коюлуп, 1000 сом административдик айып салынган.

Мындан тышкары, бир топ кемчиликтер аныкталгандыктан, аларды жоюу боюнча 7 пунктан турган жазма буйрук берилди.

Жаңылыктар түрмөгү
0