"Сосновка" өткөрүү пунктунда тейлөө борбору ачылат

© Фото / пресс-служба ГНС КРСалык тейлөө жайы. Архив
Салык тейлөө жайы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мындай борбор салыкчылардын ишинин натыйжалуулугун жогорулатып, калкты тейлөөнүн сапатын жакшыртат.

БИШКЕК, 7-июл.— Sputnik. Бишкек — Ош унаа жолунда жайгашкан "Сосновка" көзөмөл өткөрүү жайына жүргүнчүлөрдү жана жүк ташып иштеген салык төлөөчүлөрдү тейлөө борбору ачылат. Бул туурасында Мамлекеттик салык кызматы билдирди. 

Маалыматка ылайык, сервистик борбордун ачылышы июль айынын экинчи жарымына пландалууда.

Мында жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү ташыган ар бир жаран, анын кайда жашагандыгына жана кайсы жерде иш жүргүзгөндүгүнө карабастан, "Сосновка" пункту аркылуу өтүүдө зарыл болгон учурда салыктык тейлөөлөрдү пайдалануу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот.

"Мындай тейлөөлөрдүн катарында отчетторду, эсептерди, декларацияларды кабыл алуу, ишкерлерди каттоо, патенттерди, ар кандай маалымкаттарды берүү жана узартуу бар. Ошондой эле борбордук имаратта салыктардын тийиштүү суммасын төлөө үчүн банк кассасы жана төлөм терминалдары жайгашат", — деп айтылат билдирүүдө.

Ал жүргүнчүлөр менен жүк ташыган жеке жак салыктык каттоодон өтпөгөн учурда сервистик борбордун кызматкерлери субъектти салыктык каттоого ала алат.

"Борбордогу салык кызматкерлеринин функциясына "Сосновка" көзөмөл өткөрүү пункту аркылуу мунай заттарды ташыган унаа каражаттарын текшерүү да кирет", — деп айтылат билдирүүдө.

Тейлөө борборлору салыктарды, отчетторду чогултуу боюнча салыкчылардын ишинин натыйжалуулугун жогорулатып, салык кызматынын кызматкерлери менен салык төлөөчүлөрдүн байланышын жоет, ошондой эле калкты тейлөөнүн сапатын жакшыртат.

Жаңылыктар түрмөгү
0