Оңдоо иштеринен кийин Бишкектин Рыскулов көчөсү ачылды

Жазылуу
Учурда оңдоо иштери Исановдон Тоголок Молдо көчөсүнө чейинки аралыкта уланып жатат.

БИШКЕК, 6-июл. — Sputnik. Капиталдык оңдоо иштеринен кийин Манас проспектисинен Исанов көчөсүнө чейинки Рыскулов көчөсү ачылды. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын маалымат кызматы билдирди. 

Көчөгө жүргүзүлгөн оңдоо иштери "Бишкекасфальтсервис" ишканасы тарабынан ишке ашкан. 

"Реконструкция иштери 16-майда башталган. Жолдун узундугу 600 метр болсо, туурасы сегиз метрди түзгөн. Учурда оңдоо иштери Исановдон Тоголок Молдо көчөсүнө чейинки аралыкта уланып жатат", — деп айтылат маалыматта. 

Реконструкция иштерине сарпталган каражат шаардык бюджеттен бөлүнүп берилген. 

Жаңылыктар түрмөгү
0