Дирекция: Кочкор өрөөнүндөгү археологиялык казуулар талкууланат

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүАрхеологиялык казуулар. Архив
Археологиялык казуулар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тарыхчылар аймакта археологиялык изилдөөлөр жүргүзүлсө биздин заманга чейинки 840-940-жылдарга тиешелүү Кыргыз каганатынын борбору тууралуу маалыматтар ачыкка чыкмактыгын айтышууда.

БИШКЕК, 5-июл. — Sputnik. Тарыхый эстеликтерге бай Кочкор өрөөнүндөгү археологиялык казуулар боюнча илимий талкуу өтөт. Бул туурасында Тарых жана маданият жылын өткөрүү боюнча мамлекеттик дирекция демилге көтөрдү.

Кочкор өрөөнүндө 1987-жылдан бери жүрүп келе жаткан археологиялык казуулар азыркыга чейин тарыхчылар арасында кызуу талкууга алынып келет. 

"XI кылымдын ойчулу Махмуд Кашгаринин аалам картасында катталган Кочнар-Башы шаарчасы Нарын облусунун Кочкор өрөөнүндө жайгашкан деген божомолдор бар. Ошол учурдан бери 2-6 метр тереңдиктеги археологиялык казуулар толук изилдене элек", — айтылат маалыматта.

Тайлак Рыскул уулунун Ак-Талаа районундагы күмбөзү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Тайлак баатырдын 220 жылдык мааракеси Соң-Көл жайлоосунда өтөт
Дирекция Кочкор районунун Кум-Дөбө айылынын тургуну "Ыйык Мурас" ассоциациясынын президенти Кайырбек Коңурбаев фермердик чарбасына тийиштүү жерлерине айдоо иштерин жүргүзүү учурунда археологиялык табылгаларды тапкандыгын маалымдаган. 

Коңурбаев Кум-Дөбө аймагынан табылган археологиялык калдыктарды топтогон чакан музей да уюштурган. 

Мамлекеттик дирекциянын эксперти Асанбек Токтогулов аталган аймакта археологиялык изилдөөлөр жүргүзүлсө, биздин заманга чейинки 840-940-жылдарга тиешелүү Кыргыз каганатынын борбору тууралуу маалыматтар ачыкка чыкмактыгын айткан. 

Жаңылыктар түрмөгү
0