Атамбаев Обамага куттуктоо жолдоду

© Sputnik / Сергей Гунеев / Медиабанкка өтүүАКШ президенти Барак Обама. Архив
АКШ президенти Барак Обама. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бүгүн Америка Кошмо штаттары көз карандысыздык күнүн белгилеп жатат.

БИШКЕК, 4-июл. — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев АКШ президенти Барак Обаманы Американын Көз карандысыздык күнү менен куттуктаган телеграмма жолдоду. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

Бүгүн Америка Көз карандысыздык алгандыгынын 240 жылдыгын белгилеп жатат.

Мамлекет башчысы өз телеграммасында кыргыз-америкалык алака-катыштардын жогорку деӊгээлин жана демократия менен коопсуздукту чыңдоо чөйрөлөрүндө, экономиканы жана жарандык коомду өнүктүрүүдө өз ара жемиштүү аракеттерди канааттануу менен белгиледи.

"Биздин өлкөлөр ортосунда достук, стратегиялык жана өз ара пайдалуу өнөктөш мамилелер мындан ары да өз ара түшүнүшүү жана конструктивдүү кызматташтык нугунда өнүгө берерине ишенем", — деп белгиленет телеграммада.

Атамбаев Обамага чың ден соолук, мамлекеттик ишине ийгиликтерди каалап, ал эми америка элине мындан аркы гүлдөп өнүгүүнү тиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0