Түптө 11 тоннага жакын жапайы кара куурай жок кылынды

© Фото / Алена ХоменкоКара куурайды жок кылуу. Архив
Кара куурайды жок кылуу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
1-июлда "Мак-2016" ведомстволор аралык иш чаранын жыйынтыгында райондук, айылдык укук коргоо жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн катышуусунда жапайы өскөн кара куурайды жок кылуу иштери жүргөн.

БИШКЕК, 4-июл. — Sputnik. Ысык-Көл облусунун Түп районунда 11 тоннага жакын жапайы кара куурай жок кылынганын Маңзатты көзөмөлдөө мамлекеттик кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 1-июлда "Мак-2016" ведомстволор аралык иш чаранын жыйынтыгында райондук, айылдык укук коргоо жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн катышуусунда жапайы өскөн кара куурайды жок кылуу иштери жүргөн.

Жалпысынан Түп району боюнча 19,7 гектар жердеги өсүмдүктөр чабылып, жыйынтыгында 10 тонна 960 килограмм кара куурай жок кылынган.

Жаңылыктар түрмөгү
0