Өкмөт башчы өлкөдөгү туризм тармагы жөнүндө жалпы маалымат алды

© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевПремьер-министр Сооронбай Жээнбеков Маданият, маалымат жана туризм министри Алтынбек Максутовду кабыл алды.
Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Маданият, маалымат жана туризм министри Алтынбек Максутовду кабыл алды. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Максутов учурда дүйнөнүн жүздөн ашык мамлекети менен туризм тармагында келишимдерди түзүү боюнча иш жүрүп жатканын билдирди.

БИШКЕК, 2-июл. — Sputnik. Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Маданият, маалымат жана туризм министри Алтынбек Максутовду кабыл алып, Тарых жана маданият жылында өткөрүлө турган иш-чаралар жана өлкөдөгү туризм тармагы тууралуу жалпы маалымат менен таанышты. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Ысык-Көл жээги. Архив - Sputnik Кыргызстан
Көл, ысык кум, акча: Ысык-Көлдө эс алуу канча турат
Белгилүү болгондой, быйыл өлкөдө Эгемендүүлүктүн 25 жылдыгы, Тайлак баатырдын 220 жылдыгы, 1916-жылдагы Үркүндүн 100 жылдыгы жана Жусуп Баласагындын 1000 жылдыгы өткөрүлөт. Сентябрь айында экинчи Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндары күтүлүүдө. Министр бул иш-чараларга даярдыктар тийиштүү деңгээлде жүрүүдө деп баса белгиледи.

Жээнбеков жогоруда айтылган иш- чараларды өткөрүүгө өзгөчө жоопкерчилик менен мамиле жасап, тийиштүү мамлекеттик органдар менен тыгыз байланышта иш алып барууну тапшырды.

Максутов Кыргызстандагы туризм тууралуу бардык маалыматтарды ичине камтыган атайын сайт ачыларын маалымдады. Мындан сырткары, учурда дүйнөнүн жүздөн ашык мамлекети менен туризм тармагында келишимдерди түзүү боюнча иш жүрүп жатканына токтолду.

Кыргызстанда ыңгайлуу жана коопсуз эс алуу үчүн пайдалуу кеңештерди камтыган инфографиканы Sputnik Кыргызстандан көрүңүз>>

Жаңылыктар түрмөгү
0