Каракол шаарындагы таштанды төгүлүүчү жай тосмо менен тосулат

Жазылуу
Долбоордун бюджети 1,2 миллион сомго бааланып, акыр-чикирлердин чачылбоосу үчүн жасалууда.

БИШКЕК, 2-июл. — Sputnik. Каракол шаарындагы таштанды төгүлүүчү жайдын айланасы тосмо менен тосулат. Бул тууралуу өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Асхат Акибаев баштаган инспекциялык комиссиянын аталган жайды текшерүү учурунда айтылганын өкмөттүн аталган облустагы өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматы билдирди.

Каракол шаарындагы "Тазалык" ишканасынын жетекчиси Замир Бейшебаевдин айтымында тосмолорду орнотуу үчүн түркүктөр коюлду.

"Учурда таштанды төгүүчү жайды тосуу иштери жүрүүдө. Бул кадам акыр-чикирлердин чачылбоосу үчүн жасалууда. Долбоордун бюджети 1,2 миллион сомго бааланды", — деди Бейшебаев.

Өз кезегинде Акибаев Түркиянын инвестерлору келгенин, алар менен акыр-чикирлерди кайра иштетүүчү заваод куруу боючан сүйлөшүүлөр жүргүзүлгөнүн айтты.

Мындан сырткары аталган комиссия Каракол дарыясынын абалы менен таанышып, Акибаев жээктерин бекемдөө тапшырмасын берди.

Жаңылыктар түрмөгү
0