Атамбаев Лукашенкону көз карандысыздык күнү менен куттуктады

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент Алмазбек Атамбаев жана Белоруссиянын башчысы Александр Лукашенко. Архив
Президент Алмазбек Атамбаев жана Белоруссиянын башчысы Александр Лукашенко. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Белоруссиянын көз карандысыздык күнү 3-июлда белгиленет.

БИШКЕК, 2-июл. — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев Белоруссиянын Көз карандысыздык күнүнө байланыштуу Александр Лукашенкого куттуктоо телеграммасын жөнөткөнүн президенттин маалымат кызматы билдирди.

Белгилей кетсек Белоруссиянын көз карандысыздык күнү 3-июлда белгиленет.

"Кыргызстандын жана Белоруссиянын ортосундагы, анын ичинде регионалдык бирикмелердин алкагындагы өз ара пайдалуу кызматташтык биздин элибиздин бакубатчылыгы үчүн мындан ары да өнүгө берерине ишенем", — деп айтылат мамлекет башчысынын куттуктоо телеграммасында.

Атамбаев Лукашенкого бекем ден соолук жана ийгилик, ал эми дос беларус элине – тынчтык жана гүлдөп-өнүгүү каалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0