Айт намазы учурунда Бишкектин борбордук көчөлөрү убактылуу жабылат

© Sputnik / Максим Блинов / Медиабанкка өтүүЖол белгисин тагып жаткан кызматкерлер. Архив
Жол белгисин тагып жаткан кызматкерлер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин айт намаздары эски аянтта окулуп келген. Быйыл ал жакта оңдоо иштери жүрүп жаткандыктан, майрамдык намаз Жеңиш аянтында окулмай болду.

БИШКЕК, 1-июл. — Sputnik. Айт намазы окулуп жатканда Бишкектин борбордук көчөлөрү убактылуу жабылат. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине мэрия билдирди. 

Буга чейин айт намаздары эски аянтта окулуп келген. Быйыл ал жакта оңдоо иштери жүрүп жаткандыктан, майрамдык намаз 5-июлда саат 7.30дан 8.10гө чейин Фрунзе көчөсүнүн Абдрахманов жана Ибраимов көчөлөрүнө чейинки аралыкта болот.

5-июль күнү саат 7:30дан 8:10го чейин Чүй жана Жибек Жолу проспектиси, Гоголь жана Абдрахманов көчөлөрүнүн аймагы жабылат.

Жаңылыктар түрмөгү
0