Чек ара кызматы: Аксыга өзбектер кирип келди деген маалымат чындыкка дал келбейт

Жазылуу
Буга чейин массалык маалымат каражаттарында Аксынын Сөгөт айылындагы 2,5 гектар жерди өзбек чек арачылары басып алган деген кабар тараган.

БИШКЕК, 1-июл. — Sputnik. Аксыда өзбек аскерлери чек араны бузуп кирди деген маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Чек ара кызматынын жетекчиси Абдыкарим Алымбаев билдирди. 

Эске сала кетсек, буга чейин массалык маалымат каражаттарында Аксынын Сөгөт айылындагы 2,5 гектар жерди өзбек чек арачылары басып алган деген кабар тараган.

"Учурда абал туруктуу. Эч кандай басып алуулар болгон эмес. Өзбек чек арачылары чөп чаап жаткан кыргыз тургундарын аймактан чыгарышкан. Ал жер талаш эмес, такталган эле жер. Өзбек аскерлери тарабынан мыйзам бузуулар катталган эмес", — деди Алымбаев. 

Буга чейин Аксы районунун акими Медет Айдаралиев абал туруктуу экенин, маселе чечилип жатканын айткан. 

"Ушу тапта маселени эки тараптын Мамлекеттик каттоо кызматынын адистери, чек ара кызматкерлери такташууда. Эч кандай басып алуулар болгон эмес. Абал туруктуу", — деди аким. 

Анын айтымында, маселе бүгүн кечке дейре чечилет.

Жаңылыктар түрмөгү
0