Жүрөгүндө кемтиги бар 6 балага Кореяда операция ийгиликтүү жасалды

© Фото / пресс-служба Министерства здравоохранения КРДети страдающие пороком сердца прооперированные в Корее
Дети страдающие пороком сердца прооперированные в Корее - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мындай кайрымдуулук акциясы бир канча жылдан бери "Качон" университетинин "Гиль" госпиталынын базасында "Куткаруучулар армиясы" уюмунун колдоосу менен өтүп келет.

БИШКЕК, 1-июл. — Sputnik. Жүрөк кемтиги менен жабыркаган кыргызстандык алты балага Кореяда операция ийгиликтүү жасалганын Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, жүрөгүндө кемтиги бар алты бала Кореяга келген. Аларга жасалган операция ийгиликтүү өтүп, реабилитациялык иштери да ийгиликтүү жүрүп жатканын министрлик баса белгилейт.

"5-июлда алар мекенине кайтып келишет. Элчиликтин кызматкерлери Кореяга дарылануу үчүн Кыргызстандан, Филиппиндерден жана Монголиядан келген балдардын дарылануусу аяктаганына байланыштуу оюн-зоок өткөрүштү", — деп айтылат билдирүүдө.

Мындай кайрымдуулук акциясы бир канча жылдан бери "Качон" университетинин "Гиль" госпиталынын базасында "Куткаруучулар армиясы" уюмунун колдоосу менен өтүп келет.

Жаңылыктар түрмөгү
0