Атамбаев бүтүрүүчүлөрдү Айдар Акаев менен Максим Бакиевдей болбоого чакырды

Жазылуу
Жалпы республикалык тестирлөөдөн эң жогорку балл алган бүтүрүүчүлөр президенттин колунан алтын сертификаттарды алышты.

БИШКЕК, 1-июл. — Sputnik. Өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев Жалпы республикалык тестирлөөдөн эң жогорку балл алган бүтүрүүчүлөргө алтын сертификат тапшырып жатып, аларды Айдар Акаев менен Максим Бакиевдей болбогула деп чакырды.

Атамбаев билим алгандан тышкары ыймандуу, адептүү болуу керектигин баса белгиледи.

"Мен силерге абдан ишенем, бир нерсени так айткым келет. Адамга жалаң эле билим эмес, ыймандуулук да керек. Жалаң эле билимдүү акылдуу болуп Айдар Акаев менен Максим Бакиевдей болсоңор өзүңөр дагы жарыбайсыңар. Мамлекетти дагы курутасыңар. Билимден акылдан башка ыйман да болуусу керек, ошондо гана силер чыныгы бактылуу болосуңар", — деди Атамбаев.

Белгилей кетсек, быйыл мектепти 62 миңден ашык бүтүрүүчү аяктаган. Алтын сертификатка ээ болгон бүтүрүүчүлөр Кыргызстандагы каалаган университетине бюджетке тапшыра аларын билим берүү министри Элвира Сариева да билдирген болчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0