Быйыл 25 миңден ашуун бүтүрүүчү 110дон жогорку балл алды

© Sputnik / Евгений Епанчинцев / Медиабанкка өтүүМектеп окуучулары сынакта. Архив
Мектеп окуучулары сынакта. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Алтын сертификатка татыктуу болгон бүтүрүүчүлөр президенттин атынан акчалай сыйлык жана планшет алышат.

БИШКЕК, 1-июл. — Sputnik. Быйыл мектепти 62 миңден ашык бүтүрүүчү аяктап жатканын, алардын 25 миңден ашыгы 110дон жогорку балл алганын Билим берүү жана илим министри Элвира Сариева журналисттерге билдирди. 

Мектеп окуучулары. Архив - Sputnik Кыргызстан
ЖРТ: тест тапшыргандар химия, физикага караганда тарыхты көп тандашууда
Белгилей кетсек, бүгүн Жалпы республикалык тестирлөөдөн эң жогорку балл алган 66 окуучуга президент алтын сертификат тапшырууда. 

Сариева жогорку балл алган бүтүрүүчүлөрдүн саны көбөйүп жатканын кошумчалап, бүгүн алтын сертификатка ээ болгон окуучулар жогорку окуу жайлардагы каалаган факультетине тапшырууга мүмкүнчүлүк ала турганын баса белгиледи. 

"Жогорку окуу жайга өтүш үчүн ЖРТдан 110 балл жана предметтик тесттен 60 баллдан кем албаш керек. Ал эми алтын сертификат алган бүтүрүүчүлөр КРдеги каалаган окуу жайына бюджеттик бөлүмгө тапшыра алат", — деди ал. 

Белгилей кетсек, алтын сертификатка татыктуу болгон бүтүрүүчүлөр президенттин атынан акчалай сыйлык жана планшет алышат. Жыл сайын ЖРТдан жогорку балл алган бүтүрүүчүлөргө президент алтын сертификаттарды тапшырып келет.

Жаңылыктар түрмөгү
0