Түркия ИИМ башчысы: жардырууга КР жаранынын тийиштиги бар-жогу тактала элек

© REUTERS / Osman Orsal Ататурк аэропорту. Архив
Ататурк аэропорту. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кечээ дээрлик бардык басылмалар жан кечтилер Чечен республикасы, Өзбекстан жана Кыргызстандан чыкканын жазып чыгышты.

БИШКЕК, 1-июл. — Sputnik. Биологиялык жана химиялык анализдер менен ДНКнын жыйынтыгы чыкмайынча Стамбулдун аэропортундагы жардырууну ишке ашырган жан кечтинин бири Кыргызстандын жараны деп айтууга эрте. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги Стамбул шаарынын Терроризм менен күрөшүү департаментине таянуу менен билдирди.

Полиция кызматкерлери Ататюрк аэропортунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Стамбулдагы теракт жасаган үч жанкечтинин сүрөттөрү жарыяланды
Эскерте кетсек, 28-июнь күнү "Ататүрк" аба майданында үч ирет жарылуу болуп, андан 41 киши каза тапкан. Дагы 300гө чукул адам ар кандай жараат алган. 

Кечээ дээрлик бардык басылмалар жан кечтилер Чечен республикасы, Өзбекстан жана Кыргызстандан чыкканын жазып чыгышты. Ал арада дагы бир маалымат порталы Стамбулдун Терроризм менен күрөшүү департаментине таянып, үч жан кечти тең Чечен республикасынан чыккандар экенин маалымдады. 

"Түркиянын ички иштер министри Эфкан алдын ала расмий билдирүү жасап, үч жан кечтинин биринин аты-жөнү такталганын билдирди. Калган экөөнүн ким экендигин жана кайдан келгендигин аныктоо боюнча иштер улантылып жатканын кабарлады. Алардын Кыргызстан же Өзбекстанга тийиштиги тууралуу сөз болгон жок", — деп айтылат ТИМ тараткан билдирүүдө.

Аталган маалыматты текшерүү үчүн Стамбул шаарындагы КРдин Башкы консулдугунун кызматкерлери Терроризм менен күрөшүү департаменти менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн. ТИМ жолугушуу учурунда департамент өкүлү биологиялык жана химиялык анализдер менен ДНКнын жыйынтыгы чыкмайынча ЖМКларда жарыяланган маалымат чындыкка коошпойт деп айтканын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0