Мэр: муниципалдык унаа токтотуучу жайларына азырынча акы төлөнбөйт

© Фото / пресс-служба мэрии города БишкекБишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов. Архив
Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин шаардык кеңештин 1-июлдан тарта айдоочулар унаа токтотуучу жайларга акы төлөй тургандыгы жөнүндө токтому коомдук талкууга коюлган.

БИШКЕК, 1-июл. — Sputnik. Бишкектин муниципалдык унаа токтотуучу жайлары азырынча бекер болорун Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына шаар мэри Албек Ибраимов билдирди.

Буга чейин Бишкек шаардык кеңеши (БШК) өз сайтына 1-июлдан тарта унаа токтотуучу жайларга акы алына турган токтомдун долбоорун жарыялаган. Анда жеңил жана жүк ташуучу унаалар үчүн төлөмдүн суммасы көрсөтүлгөн. 

Шаар башчысы бейшемби күнү депутаттар токтом жана жобо кабыл алганын, бирок мэрия тарифтик бааны дыкат иштеп чыгып, анализ жүргүзүүнү чечкенин айтты.

"Бул эртең айдоочулардан эч ким акы талап кылбайт дегенди билдирет. Терең анализ жүргүзүлбөгөндүктөн тарифтик бааны дыкат карап чыгалы дедик. Мындан тышкары, Кайгуул милициясы менен биргеликте маселенин техникалык жагын да иретке келтирип алуу зарыл", — деди Ибраимов.

Автоунаа токтотуучу жай. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бишкек унаа токтотуучу жай издеп жатат. Башка өлкөлөрдө абал кандай?
Анын айтымында, кабыл алынган токтом келечекте акылуу унаа токтотуучу жайларды түзүүгө көмөкчү болот. Аягына чейин тыкыр иштелип чыккан документ шаардык кеңештин күзүндө баштала турган жыйынына сунушталат.

Шаардык кеңештин төрагасы Алмаз Кененбаев мэрия унаа токтотуучу жайларды иштетүү механизмдерин, төлөм маселесин, унааларды токтотуунун эрежеси менен тартибин иштеп чыгышы керектигин белгиледи. Ал азырынча мындай жайлар бекер болорун ырастады. 

Жаңылыктар түрмөгү
0