Медакадемиянын ректорун шайлоодо Ишенбек Сатылганов алдыда келе жатат

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргыз мамлекеттик медициналык академиясы. Архив
Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эрежеге ылайык, баарынан көп добуш алган үч талапкердин ичинен татыктуусун премьер-министр аталган кызматка дайындайт.

БИШКЕК, 30-июн. — Sputnik.  Иса Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиянын ректоруна болгон шайлоодо медицина илимдеринин доктору, профессор Ишенбек Сатылганов арбын добуш топтоп, алдыда келе жатат. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин консультанты Елена Баялинова билдирди.

Мамлекеттик башкаруу академиясынын имараты. Архив - Sputnik Кыргызстан
Мамлекеттик башкаруу академиясы быйыл абитуриенттерди кабыл алууну токтотот
Бейшемби күнү медакадемиянын ректорун шайлоо болуп өттү. Башында 12 талапкер окуу жайга жетекчи болуу ниетин билдирген. Бирок беш киши өз талапкерлигин алып салган.

Баялинованын айтымында, 619 бюллетень даярдалган. Шайлоочулардын жалпы тизмеси 619 кишини түзгөн. Алар окуу жайдын окутуучулар жамааты жана анын бөлүмдөрүнүн жетекчилери.

"592 бюллетень берилип, 27си калган. Бир дагы бюллетень жараксыз болгон жок. Ишенбек Сатылгановду колдоп 185 киши добуш берди", — дейт Баялинова.

Калган талапкерлерге берилген добуш төмөндөгүдөй:

Индира Кудайбергенова —139 добуш, Доктурбек Адамбеков — 166, Юсупжан Уметалиев — 61 добуш, Андрей Cопуев — 21, Алымкадыр Бейшеналиев — 14 жана Өмүрбек Куттубаев — 6 добуш алган.

Медакадемиянын мурдагы ректору Аширали Зурдинов берген арызынын негизинде кызматтан бошотулган. Ал 2009-жылы 13-марттан бери аталган окуу жайды башкарып келген.

Эрежеге ылайык, баарынан көп добуш алган үч талапкердин ичинен татыктуусун премьер-министр аталган кызматка дайындайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0