Төө-Ашууда илимий-изилдөө борбору иштей баштады

© Sputnik / Саид Царнаев / Медиабанкка өтүүЛаборатория кызматкери. Архив
Лаборатория кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Дарылануунун бир курсу 21 күндү түзөт. Борбор бардык тийиштүү жабдуу жана шарт менен камсыздалган.

БИШКЕК, 30-июн. — Sputnik. Бишкек — Ош жолундагы Төө-Ашуу ашуусунда кыргыз-швейцар илимий изилдөө борбору ачылганын Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, аталган борбор тоо медицинасы жаатындагы фундаменталдык жана клиникалык иликтөөлөрдү жүргүзүүгө багытталган. Ал эми аны ачуу боюнча чечим үстүбүздөгү жылдын 3-мартында кабыл алынган. 

"Климаттык шарты оор бул аймакта ар кандай себептер менен ар кыл кесиптеги жүздөгөн адам жашайт. Бул жердин катаал аба ырайы, шарты ал аймакты жердеген жашоочулардын саламаттыгына терс таасир тийгизип келет. Кыргыз-швейцариялык борбор дал ушул категориядагы адамдардын ден соолугуна кам көрүү менен алектенет", — деп айтылат билдирүүдө.

Дарылануунун бир курсу 21 күндү түзөт. Борбор бардык тийиштүү жабдуу жана шарт менен камсыздалган.

Мекеменин ачылыш салтанатына кыргызстандык жана швейцариялык окумуштуулар, медицина жаатындагы адистер, ашуудагы борбордон дарыланып жаткандар катышты.

Жаңылыктар түрмөгү
0