БИШКЕК, 30-июн. – Sputnik. Жалал-Абадда укук коргоо органдары менен дин өкүлдөрү биргеликте "Орозо айынын артыкчылыктары" аталышындагы конференция өттү.
Иш-чара Барпы Алыкулов атындагы драма театрында болуп, жергиликтүү укук коргоо органдарынын демилгеси менен уюштурулду.
Конференцияга КР өкмөтүнүн Жалал-Абад облустундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн укук коргоо боюнча бөлүм башчысы Кадыр Бечелов, облустук УКМКнын жетекчиси Канжар Бокаев, ОИИБ жетекчиси, милициянын полковниги Жеңишбек Жоробеков, облустун башкы прокурору Өткүр Жамшитовдор катышты.
Иш-чарада суроо жооптор берилип, учурдагы диндин абалы, коопсуздук чаралы талкууланды.