Оштун Мадысында арак-шарап сатылбай калды

Жазылуу
Катуу селден улам ичимдиктер көп сатылган дүкөн кыйроого учурап, товарлары сууга агып кеткен. Бул көрүнүш элдин аталган демилгени колдоосуна түрткү болгон.

БИШКЕК, 30-июн. – Sputnik. Оштун Кара-Суу районуна караштуу Мады айыл өкмөтүнө караштуу бир катар айылдарда спирт ичимдиктери сатылбай калды. Бул тууралуу муфтияттан билдиришти.

Спирттик ичимдиктер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Спирт ичимдиктерин сатууга тыюу салынган кыргыз айылдары
Айыл өкмөт башчы Жамшит Маданбаевдин айтымында 2015-жылдын ноябрь айында 7 баллга жеткен жер титирөөдөн улам тоолуу Тээке айылынын тургундары дүкөндөрдө спирттик ичимдиктерди жок кылуу демилгесин көтөрүшкөн.

"Катуу жүргөн селден улам Лаглан айылындагы арак-шарап көп сатылган дүкөн кыйроого учурап, товарлары сууга агып кеткен. Бул көрүнүш элдин аталган демилгени колдошуна түрткү берди", — деди Маданбаев.

Мады айыл өкмөтүндө 11 айыл бар. Калган айылдарга спирттик ичимдиктерди азайтуу боюнча үгүт иштери жүрүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0