Башкы штаб Ысык-Көлдөгү торпедо сыноолору боюнча маалыматты беш өрдөк деп атады

© Sputnik / Игорь Руссак / Медиабанкка өтүүӨрдөк. Архив
Өрдөк. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ысык-Көлгө аскер базасын жайгаштыруу жана анын иштеши көлдүн экологиясына зыян келтирбейт деп билдиришти КР Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынан.

БИШКЕК, 29-июн. — Sputnik. Россиялык аскер базасы Ысык-Көлдө торпедолорду сынап жатат деген кабар чындыкка дал келбейт. Бул туурасында КРдин Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынан кабарлашты.

Бажы көзөмөл пункту. Архив - Sputnik Кыргызстан
Казакстандын бажы кызматынын башчысы кыргыз кесиптештеринин ишин жогору баалады
Бир катар жалпыга маалымдоо каражаттарына Ысык-Көлдөгү торпедолор сыналып жатат деген маалыматтар чыккан.

КРдин Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын өкүлдөрү Кыргызстанда аккредитациядан өткөн Россиянын аскер-дипломатиялык корпусунун өкүлдөрү менен жолукту.

Жолугушуу учурунда россиялык тарап бул маалыматтын беш өрдөк экендигин айткан. Тагыраагы, элчиликтин өкүлдөрү анын инфраструктурасы мындай сыноолорго туура келбегендиктен бул жааттагы иш-чара Ысык-Көлдө өткөрүлбөстүгүн билдирген. 

Башкы штаб россиялык объектинин Ысык-Көлго эч кандай зыяны тийбестигин, ага кошумча аймактагы экологиялык жагдай ар дайым КРдин кызыкдар болгон мамлекеттик органдары тарабынан көзөмөлдөнүп турарын айтты.

Жаңылыктар түрмөгү
0