Бишкектин мэри президентке коомдук транспортту өнүктүрүү пландарын айтып берди

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевАтамбаев Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимовду кабыл алды
Атамбаев Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимовду кабыл алды - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жолугушууда мамлекет башчысы башкалаанын борбордук көчөлөрүндө тыгынды азайтуу жана жол инфраструктурасын жакшыртуу максатында автожолдорду кайра жаңылоо боюнча комплекстүү иштер тууралуу маалыматты укту.

БИШКЕК, 29-июн. — Sputnik. Албек Ибраимов өлкө башчысы Алмазбек Атамбаевге такай иштеген, коопсуз жана тургундар үчүн ыңгайлуу транспорттук системаны камсыз кылуу үчүн башкалаанын коомдук транспортун өнүктүрүү пландары тууралу айтып берди. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Автоунаа токтотуучу жай. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бишкек унаа токтотуучу жай издеп жатат. Башка өлкөлөрдө абал кандай?
Атамбаев Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимовду кабыл алды. Калаа башчысы шаар ичин жашылдандыруу жана арыктарды тазалоо боюнча чаралар тууралуу да маалымат берди.

Жолугушууда мамлекет башчысы башкалаанын борбордук көчөлөрүндө тыгынды азайтуу жана жол инфраструктурасын жакшыртуу максатында автожолдорду кайра жаңылоо боюнча комплекстүү иштер тууралуу маалыматты укту.

Өлкө башчысы борбордо жүргүзүлүп жаткан курулуш жана ремонт иштеринин сапатына көзөмөлдү күчөтүү зарылдыгын, андан тышкары Бишкек шаарын өнүктүрүү милдеттерин өз убагында чечүү боюнча шаардык кызматтардын ишмердигин жандандыруунун маанисин баса белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0