Казакстандын бажы кызматынын башчысы кыргыз кесиптештеринин ишин жогору баалады

Жазылуу
Ысык-Көлдө Бажы кызматтарынын биргелешкен коллегиясынын отуруму өтүп жатат.

БИШКЕК, 29-июн. — Sputnik. Кыргызстандын Бажы кызматынын ишине ЕАЭБ тарабынан эч кандай сын-пикирлер жок. Мындай пикирин Бажы кызматынын биргелешкен коллегиясынын отурумунда Казакстандын Каржы министринин мамлекеттик кирешелер боюнча (Бажы) комитетинин жетекчилеринин бири Госман Амрин билдирди.

"Кыргызстандын Бажы кызматынын системасы алар өз өлкөсүнүн гана эмес ЕАЭБ чеги үчүн жооп бере тургандан кийин бир топ татаалдыктарга тушукту. Бирок, КРдин Бажы кызматынын ишине ЕАЭБ тарабынан эч кандай сын-пикирлер, нааразычылыктар жок", — деп айтты Амрин.

Бажы кызматынын башчысы Амрин эки өлкө ортосундагы бул жааттагы кызматташтыкты өнүктүрүү керектигин айтты.

Жаңылыктар түрмөгү
0