Түркиядагы терактыдан жабыркагандардын ичинде КР жарандарынын бар-жогу такталууда

© REUTERS / Osman Orsal Түркиянын "Ататүрк" аэропортундагы түндө болгон теракт
Түркиянын Ататүрк аэропортундагы түндө болгон теракт - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өлкөнүн "Ататүрк" аэропортундагы түндө болгон кол салуудан 36 киши өлүп, 100дөн ашыгы жаракат алган.

БИШКЕК, 29-июн. – Sputnik. Түркиянын "Ататүрк" аэропортундагы түндө болгон терактыдан каза болгондордун арасында кыргызстандыктардын бар-жогу аныкталууда. Бул тууралуу КРдин Тышкы иштер министрлиги билдирди. 

Афганистандагы Кабул шаарында болгон жарылуу жерде полиция кызматкерлери. - Sputnik Кыргызстан
Афганистандагы жарылуу 14 кишинин өмүрүн алып кетти
Эске сала кетсек, өлкөнүн "Ататүрк" аэропортундагы түндө болгон кол салуудан 36 киши өлүп, 100дөн ашыгы жаракат алган. 

Түркиянын премьер-министри Бинали Йылдырым чукул маалымат жыйында каза болгондордун саны 36 экенин айтты. Ал ошондой эле терроризм жалпы адамзаттын балээси экенин, ал бүгүн дагы бир жолу айкындалып жатканын баса белгилеп, үч жан кечти өзүн жардырганын кошумчалады.

"Жжабыркагандардын арасында КР жарандарынын бар же жок экенин Кыргызстандын Түркиядагы элчилиги тактап жатат", — деп айтылат маалыматта. 

Жергиликтүү ЖМКнын билдиришинче террористтер аэропортко такси менен келген.

Түркиянын "Ататүрк" аэропортундагы жарылуу. Кырсык болгон жерден алынган сүрөттөрдү Sputnik Кыргызстандын фотолентасынан көрүңүз>>

Жаңылыктар түрмөгү
0