Тяньцзинь шаарынын мэри Кыргызстанда өскөн мөмө-жемиштин даамына суктанды

© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевТяньцзинь шаарынын мэри Хуан Сингуо КР премьер-министри Сооронбай Жээнбеков менен жолугушуу учурунда
Тяньцзинь шаарынын мэри Хуан Сингуо КР премьер-министри Сооронбай Жээнбеков менен жолугушуу учурунда - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Белгилей кетсек, ушул күндөрү өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков баштаган кыргыз делегациясы Кытайдын Тяньцзинь шаарында өтүп жаткан "Жайкы Давос 2016" экономикалык форумуна катышты.

ТЯНЬЦЗИНЬ, 28-июн. — Sputnik. Кытайдын Тяньцзинь шаары Кыргызстандын айыл-чарба продукцияларына кызыгууда. Мындай пикирин аталган шаардын мэри Хуан Сингуо КР премьер-министри Сооронбай Жээнбеков менен жолукканда билдирди. 

Кытай Эл Республикасынын премьер-министри Ли Кэцян Жайкы Давос — 2016 дүйнөлүк экономикалык форумда - Sputnik Кыргызстан
Ли Кэцян: Кытай Кыргызстандагы жер титирөөнүн кесепеттерин жоюуда кол узатууга даяр
Белгилей кетсек, ушул күндөрү өкмөт башчы Жээнбеков баштаган кыргыз делегациясы Кытайдын Тяньцзинь шаарында өтүп жаткан "Жайкы Давос 2016" дүйнөлүк экономикалык форумга катышты. Кыргыз делегациясы КЭРдин премьер министри Ли Кэцяндын чакыруусу менен келген. 

Шаар башчысы Хуан Сингуо Жээнбековго Тяньцзиндин кызмат көрсөтүү, маалыматтык технология, фармацевтика жана автоунаа чыгаруу боюнча мүмкүнчүлүктөрү тууралуу айтып берди. Мэр Кыргызстандын айыл-чарба продукцияларына кызыгып, Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы достукту чыңдоого дилгирлигин билдирди.

"Кыргызстандын айыл чарба азыктарынын сапаты абдан жакшы, өзгөчө силерде өскөн гиластын даамы абдан таттуу экенин билебиз. Андыктан айыл чарба продукциясын алууга кызыкдарбыз", — деди Хуан Сингуо.

КР экономика министринин орун басары Алмаз Сазбаков. Архив - Sputnik Кыргызстан
Сазбаков: "Жайкы Давос - 2016" Кыргызстанга жакшы жарнама болуп берди
Өз кезегинде Жээнбеков кыргыз делегациясын жылуу кабыл алганы үчүн мэрге ыраазычылык билдирип, эки элдин ортосундагы кызматташуунун маанисин баса белгиледи. Ошондой эле Кыргызстан Кытай тараптын бардык демилгелерин колдой турганын, алардын да колдоосун сезип жатканына токтолду. 

Өкмөт башчы андан сырткары Тяньцзинь менен Бишкек шаарынын ортосунда байланышты чыңдоого кыргыз тарап даяр экенин айтты.

Жаңылыктар түрмөгү
0