Бишкекте жаңы жарнамалык такталар пайда болот

Жазылуу
Мэрия шаардык борбордук көчөлөрүндөгү такталарды алууну пландаштырып жатат.

БИШКЕК, 27-июн. — Sputnik. Бишкектин мэри вице-мэр Бакытбек Дүйшөмбиевдин төрагалыгы алдында "Бишкекбашкыархитектура" ишканасынын имаратында жарнамалык такталардын ээлери менен жолугушуу өткөнүн мэрия билдирди.

Ысык-Көл. Архив - Sputnik Кыргызстан
Чолпон-Атанын чоң жолуна кытайча жазылган жарнама илген ишкана кечирим сурады
Буга чейин Бишкекте шаардын көркүн бузбоо үчүн Манас, Чүй проспектилери, Абдрахманов жана Байтик баатыр көчөлөрүндөгү 200 жарнамалык такта алынары айтылган.

Дүйшөмбиев такта ээлерине кайрылып жатып, аларды абалды түшүнүүчүлүк менен кабыл алууга чакырды. Мындан тышкары, аларга такталардын заманбап форматтарын сунуштады. 

Аталган долбоор жарнама бизнесинин өкүлдөрүнүн сунуштарын эске алуу менен бекитилет.

Өз кезегинде жолугушууга катышкандар бул демилгени колдой тургандыктарын белгилешти.

Жаңылыктар түрмөгү
0