ЖК Ак калпак күнүн расмий белгилөө боюнча токтомун коомдук талкууга койду

Жазылуу
Беш жылдан бери белгиленип келген Ак калпак майрамы расмий катталган эмес.

БИШКЕК, 26-июн. — Sputnik. Эл өкүлү Тазабек Икрамов 5-март күнүн расмий түрдө майрам катары каттоо демилгесин көтөрүүдө. Аталган токтом Жогорку Кеңештин  сайтында коомдук талкууга коюлду. 

Калпак кийген окуучу бала. Архив - Sputnik Кыргызстан
Эмне үчүн ак калпак кийүү керек? Жети себеп
Эске сала кетсек, буга чейин Маданият, маалымат жана туризм министрлиги 5-мартты Ак калпак жана улуттук баалуулуктар күнү катары расмий белгилөөнү сунуштап чыккан. 

Токтом долбоорунун максаты кыргыз элинин улуттук салтына колдоо көрсөтүү жана улуттук маданият үчүн сыймыктануу сезимдерин өркүндөтүү болуп саналат.

Белгилей кетсек, 2012-жылдан бери режиссер Рыспек Жабировдун демилгеси менен белгиленип келген Ак калпак майрамы расмий катталган эмес. 

Жаңылыктар түрмөгү
0