Аткаминерди милицияга 50 миң сом пара берип жаткан жеринен кармашты

© Sputnik / Табылды КадырбековМилиционердин фуражкасы, акча жана кол кишен. Архив
Милиционердин фуражкасы, акча жана кол кишен. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жалал-Абад облусунун аткаминери жасаган мыйзамсыз аракеттерин пара менен жабууну көздөгөнүн ИИМ билдирди.

БИШКЕК, 25-июн. — Sputnik. Жалал-Абад облустук ИИБдин 5-бөлүмүнүн кызматкерлери Транспорт жана коммуникация министрлигинин алдындагы куруу мекемесинин директорун пара берип жаткан жеринен кармаган. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы билдирди.

Маданият министринин мурдагы орун басары Максат Чакиев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Маданият министринин экс-орун басары Чакиев камактан бошотулду
Мекеме жетекчиси ИИБдин 5-бөлүмүнүн кызматкерине жоопкерчиликтен качуу үчүн пара сунуштаган.

24-июнда 50 миң сом пара берип жаткан жеринен аткаминер кылтакка илинген.

Ага Кылмыш жаза кодексинин 314-беренеси пара берүү боюнча кылмыш иши козголду. Кармалган жаран убактылуу тергөө жайына киргизилип, тергөө амалдары жүрүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0