Куткаруучулар үч өспүрүм кызды ажалдан алып калышты

© Фото / пресс-служба мэрии города БишкекПионер көлүндө эс алып жаткан тургундар. Архив
Пионер көлүндө эс алып жаткан тургундар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыздар ата-энесинин коштоосунда көлмөгө келишкен.

БИШКЕК, 25-июн. — Sputnik. Борбор калаанын куткаруу кызматы Свердлов районундагы Пионер көлүнө үч баланы чөгүп бара жатканда куткарып калышканын ӨКМ билдирди.

Маалыматка ылайык, окуя 25-июнда саат 14.30дар чамасында болгон. Көлмөдө сүзүп жүргөн кыздар чөгүп баштаган. Нөөмөттө турган куткаруучулар жетип келип, аларды суудан чыгарышкан.

"Кыздар ата-энелери менен келишкен, алар балдарын караганга үлгүрбөй калышкан", — деп айтылат билдирүүдө.

Куткарылган кыздардын бирөөсү сегиз, экөө тогуз жашта болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0