Сессиясын бүтүрөм деп студенттин 1700 долларын шыпырып кеткен шылуун кармалды

Жазылуу
Айыпталуучу буга чейин да шылуундук менен алектенип келген деп күнөөлөнүүдө.

БИШКЕК, 24-июн. — Sputnik. Бишкекте 22 жаштагы кыз сессиясын бүтүрүү үчүн шылуунга 1700 доллар берип алданганын ШИИБ билдирди. 

Жабырлануучунун айтымында, акча алган жигит дайын-отун таптырбай кеткен. 

Аталган арыздын негизинде милиция кызматкерлери тарабынан 31 жаштагы Бишкек шаарынын тургуну кармалды. Ал буга чейин да шылуундук менен алектенип келген деп айыпталууда. 

Тергөө амалдары жүрүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0