ӨКМ: Бишкекте көп кабаттуу үйдүн өрттөнүшүнөн каза болгондор катталган жок

© Sputnik / Актан Темирканишкектин Панфилов жана Фрунзе көчөлөрүнүн кесилишиндеги көп кабаттуу үйдүн өрттөнүшү. Архив
ишкектин Панфилов жана Фрунзе көчөлөрүнүн кесилишиндеги көп кабаттуу үйдүн өрттөнүшү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жалын таңкы саат 3.30да толугу менен өчүрүлгөн. Учурда батирлердин ээлери жана өрттүн себептери такталып жатат.

БИШКЕК, 24-июн. — Sputnik. Бишкектин Панфилов жана Фрунзе көчөлөрүнүн кесилишиндеги көп кабаттуу үйдүн өрттөнүшүнөн каза болгондор катталган жок. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.

Эскерте кетсек, кечээ, 23-июнь күнү саат 20.30да 12 кабаттуу үйдөн өрт чыгып, болжол менен 3000 чарчы метр аянттагы чатыры, пентхаустагы батирлер күйүп кеткен

"Жалынды өчүрүүгө 11 өрт өчүрүү бөлүмү тартылып, 24-июнда таңкы саат 3.30да өрт толугу менен өчүрүлдү", — деп айтылат билдирүүдө.

Жакын жайгашкан үйлөрдөгү жашоочулар кырсык учурунда эвакуацияланган. ӨКМ өрттөн каза болгондор катталбаганын, учурда батирлердин ээлери жана өрттүн себептери такталып жатканын белгиледи.

Өрткө кабылган үйдүн күйүп кеткенден кийинки асмандан көрүнүшүн Sputnik Кыргызстан видеосунан көрүңүз>>

 

Жаңылыктар түрмөгү
0