Бишкекте күйүп жаткан үйдөгү өрт чектелди

© Sputnik / Актан ТемирканӨрт чыккан көп кабаттуу үй жайында ӨКМ кызматкерлери. Архив
Өрт чыккан көп кабаттуу үй жайында ӨКМ кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
12 кабаттуу үйдүн жогорку кабаттарын каптаган жалынды өчүрүүгө 10 өрт өчүрүүчү унаа тартылган.

БИШКЕК, 24- июн. — Sputnik. Бишкекте күйүп жаткан 12 кабаттуу үйдөн чыккан өрт четтетилди. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Эскерте кетсек, бүгүн кечинде Панфилов менен Фрунзе көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан 12 кабаттуу үйдө өрт чыгып, жогорку кабаттары, жалпы жонунан 1000 чарчы метр аянт күйүп жатат. Имараттын айланасы тосулуп, 50гө чукул милициянын кызматкери жүрөт. Аталган райондо газ жана электр энергиясын берүү токтотулган.

"Өрттүн очогу өчүрүлдү. Ушу тапта калган жерлердеги өрттү өчүрүү аракеттери көрүлүп жатат", — деп айтылат билдирүүдө.

Бишкектин мэри Албек Ибраимовдун айтымында, үйдөн бардык жашоочулар эвакуацияланды, алардын баары курулушчулар экени аныкталган. Имарат азырынча пайдаланууга бериле электиги маалым болду.

Күйүп жаткан көп кабаттуу үйдүн асмандан көрүнүшүн Sputnik Кыргызстан агенттигинин видеосунан көрүңүздөр>>

 

Жаңылыктар түрмөгү
0