Саламаттык сактоо министрлиги гемодиализ кызматынын сапатын жакшыртат

Жазылуу
Министрлик эки миңге жакын адам гемодиализге муктаж экенин билдирет.

БИШКЕК, 23-июн. — Sputnik. Саламаттык сактоо министрлиги жарандар үчүн гемодиализ кызматын көрсөтүүгө багытталган долбоорду ишке киргизүүнү пландап жатат. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы билдирди. 

Ведомствонун берген маалыматына ылайык, Дүйнөлүк банкка мүчө болгон эл аралык корпорациялардын бири долбоорду ишке ашырууда Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлигине колдоо көрсөтүп жатат. 

Ооруканада дарыланып жаткан аял. Архив - Sputnik Кыргызстан
Өкмөт гемодиализге муктаж 118 жаран үчүн 60 млн. сом бөлдү
Долбоор техникалык жана юридикалык экспертизадан өткөрүлгөн. Тендердик документ Экономика жана Финансы министрликтери тарабынан колдоо тапкандан кийин Саламаттык сактоо министрлиги тендер жарыялайт. 

Долбоордун алкагында гемодиализ кызматынын сапаты жогорулай тургандыгы күтүлүүдө. Ал эми жеке инвестор заманбап жабдыктар менен жабдылып эл аралык стандарттарга жооп берген сапаттуу имарат менен камсыз кылат. 

Адистердин берген маалыматы боюнча республикада эки миңге жакын ар кандай түрдөгү бөйрөк оорусуна кабылган жаран бар. Гемодиализ — бөйрөктөрдү трансплантациялоо сыяктуу эң орчундуу процесс. Ал мындай илдетке кабылган адамдардын өмүрүн сактап калууга багытталган жалгыз жол болуп эсептелет. 

Жаңылыктар түрмөгү
0