"Русгидронун" экс-башчысы Доддун кармалышы Жогорку Нарын каскадына тийиштүү эмес

© Sputnik / Михаил Воскресенский / Медиабанкка өтүү"Русгидро" башкармалыгынын мурдагы төрагасы Евгений Дод. Архив
Русгидро башкармалыгынын мурдагы төрагасы Евгений Дод. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Россиянын тергөө комитети "Русгидронун" мурдагы башчысы Евгений Доддун кармалышы Кыргызстандагы долбоорлорго байланыштуу эместигин айтууда.

БИШКЕК, 23-июн. — Sputnik. "Русгидро" башкармалыгынын мурдагы төрагасына козголгон кылмыш иши жана анын кармалышы Жогорку Нарын каскадына салынып жаткан ГЭСтерге байланыштуу эместигин Россиянын тергөө комитетинин маалымат кызматы билдирди.

Электр зымда оңдоо иштери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Күзүндө Камбар-Ата-2 ГЭСинин кубаттуулугу эки эсе жогорулайт
"Русгидро" башкармалыгынын мурдагы төрагасы Евгений Додго жана компаниянын башкы эсепчиси Дмитрий Финкель алдамчылыкка шектелип, аларга карата кылмыш иши козголгон. Тергөөнүн маалыматына ылайык, Дод менен Финкель жең ичинен сүйлөшүп, "Русгидронун" ири көлөмдөгү каражатын кымырып алышкан. Компаниянын финансылык отчетторун бекиткенден кийин Дод башкармалыктын мүчөлөрүнө 2013-жылдын жыйынтыгы менен сый акы берүү боюнча буйрукка кол койгон. Алардын катарына өзүн дагы кошуп 353,21 миллион рубль бөлгөн. Учурда шектелген эки жаран тең кармалган, жакында аларга алдамчылык боюнча айып коюлат.

Россиянын тергөө комитетинин маалымат кызматы "РусГидро" компаниясынын мурдагы жетекчиси Евгений Доддун кармалышы Кыргызстандагы Жогорку Нарын каскадына ГЭС куруу боюнча келген сапарына байланышы бар-жогун билбей турганын айтышты.

"Анын кармалышы боюнча бардык расмий маалыматтар Тергөө комитетинин расмий сайтына жарыяланган, тергөө амалдары жүрүүдө", — деп маалымат кызматынын өкүлү билдирди.

Евгений Дод 2009-2015-жылдары "РусГидро" компаниясынын башкармалыгынын төрагалыгын аркалаган. Учурда "Квадра" компаниясынын директорлор кеңешин жетектейт. Ал Жогорку Нарын каскадына ГЭСтерди куруу боюнча Кыргызстанга бир нече жолу келип кеткен.

Жаңылыктар түрмөгү
0