Атамбаев аткаминерлердин "бай-манаптык" жоруктары коомдо терс бааланарын айтты

Жазылуу
Өлкө башчысы мамлекеттик кызматкерлерди кесиптик майрамы менен куттуктады.

БИШКЕК, 23-июн. — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев мамлекеттик кызматкерлерди кесиптик майрамы менен куттуктап, айрым аткаминерлердин "бай-манаптык" кылык-жоруктары коомдо терс бааланып жатканын белгиледи. 

Атамбаевдин куттуктоосунда эгемендүүлүк алган 25 жыл ичинде Кыргызстанда мамлекеттик саясатты туура түшүнгөн жана аны турмушка ашырууга жөндөмдүү мамлекеттик кызматкерлердин мууну өсүп чыкканы белгиленет.

"Мамлекеттик кызматтарда элибиздин татыктуу өкүлдөрү – адамгерчиликтүү, адептүү, чынчыл, өз ишин мыкты билген, мыйзамдарды сыйлаган жана аларды так аткарган, адамдардын көйгөйүн жүрөгү менен терең сезе билген жана аларга жардам берүүгө даяр инсандар иштеши керек", — деп айтылат президенттин куттуктоосунда.

Ошол эле учурда айрым аткаминерлердин адеп-ахлагына жана моралдык-этикалык сапаттарына карата коомдо олуттуу дооматтар айтылып жатканы да белгиленет.

"Мамлекеттик кызмат – бул элге кызмат кылуу экенин унутуп койгон айрым жогорку кызматтагы чиновниктердин "бай-манаптык" кылык-жоруктары жана текебердиги коомубузда терс бааланып жатат. Жарандарыбыз мамлекеттик кызматкерден эл алдындагы өз жоопкерчилигин терең сезип, адамдарга сылык-сыпаа мамиле жасап, оор басырыктуу жана жупуну болууну талап кылышууда. Бул адилеттүү доомат", — деп жазылат билдирүүдө.

Андыктан мамлекеттик кызматкерлердин ишмердигинин жогорку натыйжалуулугун, алардын кесипкөйлүгүн арттырып, моралдык-этикалык сапаттарын жакшыртууга багытталган кадрлар менен иштөөнүн жаңы системасын турмушка ашыруу боюнча көп күчтү жана аракетти талап кылган иштер күтүп турганы куттуктоодо баса белгиленген.

Жаңылыктар түрмөгү
0