ИИМ окуучулар бири-биринен канча акча талап кыларын жар салды

© Sputnik / Табылды КадырбековКөчөдө бараткан окуучулар. Архив
Көчөдө бараткан окуучулар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Үстүбүздөгү жыл ичинде Кыргызстанда 78 мектеп рэкетчилиги аныкталган. Милиция профилактикалык иштер жүрүп жатканын билдирди.

БИШКЕК, 23-июн. — Sputnik. Мектеп окуучулары бири-биринен канча суммадагы каражатты талап кылып жүрүшкөндүгү тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине ИИМдин өспүрүмдөр менен иш алып барган бөлүмүнүн жетекчиси Азамат Абдрахманов айтып берди. 

Анын билдирүүсүнө караганда быйыл 78 мектеп рэкетчилиги аныкталып, салыштырмалуу 38 пайызга кыскарган. 

"20 сомдон 300 сомго чейин талап кылышат экен. Уюлдук аппараттарды алып, коркуткан учурлар болгон", — деп билдирди Абдрахманов. 

Бөлүмдүн жетекчиси рэкетчиликтин азайышы профилактикалык иштердин жүрүшүнө байланыштуу экенин белгиледи. Мындан тышкары, бардык класстар ууруларга акча чогултуп берген көрүнүштөр токтогон.

Жаңылыктар түрмөгү
0