Маңзатка каршы күрөшүүнүн эл аралык күнү КРде бий жана көргөзмө менен белгиленет

© Sputnik / Табылды КадырбековСтолдогу героин жана акча. Архив
Столдогу героин жана акча. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бул күнү республика боюнча маңзаттын алдын алуу жана ага каршы туруу боюнча түрдүү иш чаралар — акция, лекция, окутуу, семинарлар, тегерек столдор уюштурулат.

БИШКЕК, 23-июн. — Sputnik. Маңзатка каршы күрөшүүнүн эл аралык күнү Кыргызстанда атайын флешмоб жана лекция, окутуулар менен белгиленерин Маңзаттарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматы билдирди.

Героин. Архив - Sputnik Кыргызстан
Баткенде эки килограмм героин ташып жүргөндөр кармалды
Жыл сайын 26-июнь наркоманияга жана маңзатты мыйзамсыз сатууга каршы күрөшүү боюнча эл аралык күн катары белгиленет. Бул күн 1987-жылы Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясы тарабынан бекитилген.

Кыргызстанда ал 2000-жылдан бери белгиленип келет. Бул күнү республика боюнча маңзаттын алдын алуу жана ага каршы туруу боюнча түрдүү иш чаралар — акция, лекция, окутуу, семинарлар, тегерек столдор уюштурулат. Андан сырткары, спорттук мелдештер жана балдардын сүрөт конкурсу өтөт.

Ал эми Бишкек шаарындагы соода борборлорунун биринде эстрада жылдыздарынын коштоосунда флешмоб уюштурулат.

Жаңылыктар түрмөгү
0