Sputnik "Ажайып Кыргызстан" тууралуу айтып берет

© Sputnik / Табылды КадырбековВид на горное ущелье Джеты-Огуз в Иссык-Кульской области. Архивное фото
Вид на горное ущелье Джеты-Огуз в Иссык-Кульской области. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Ажайып Кыргызстан" долбоору Sputnik сайтында кыргыз жана орус тилдеринде сунушталып, видеороликтер республикалык жана аймактык телеканалдардын эфирлеринен көрсөтүлмөкчү.

БИШКЕК, 22-июн. — Sputnik. Тарых жана маданият жылынын алкагында Sputnik Кыргызстан агенттиги аталган жылды даярдоо жана өткөрүү боюнча мамлекеттик дирекциянын колдоосу менен "Ажайып Кыргызстан" аттуу долбоорду ишке ашырууда.

Кыргызстанда жайгашкан Кажырты дарыясы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Sputnik КМШ жана Балтика өлкөлөрүнө саякатка чакырат
VIII кылымдан баштап ушу күнгө чейинки өлкөнүн тарыхын камтыган 15 уникалдуу объект, көпчүлүк көп биле бербеген ажайып жерлер тууралуу маалымат аталган долбоордун өзөгүн түзүп, фото жана видео форматында тартууланат.

"Ажайып Кыргызстан" долбоору Sputnik сайтында кыргыз жана орус тилдеринде сунушталып жатат. Видеороликтер республикалык жана аймактык телеканалдардын эфирлеринен көрсөтүлмөкчү.

Тарых жана маданият жылын өткөрүү боюнча мамлекеттик дирекциянын директору Султан Раев мамлекеттик демилгени колдоого алган Sputnik Кыргызстан агенттигине ыраазычылык билдирди.

"Долбоорду ишке ашырууда чыгармачыл көз караш, кесипкөйлүк байкалып турат. "Ажайып Кыргызстан" өлкөбүздүн керемет табиятын, бай тарыхын дүйнөгө жар салууга жакшы мүмкүнчүлүк болуп берет", — деди ал.

Sputnik Кыргызстан агенттигинин жетекчиси Елена Череменина долбоор заманбап медиаформатта тартууланып жатканына токтолду.

"Мындай ыкма жергиликтүүлөргө да, четтен келген меймандарга да кызык болот. Sputnik Кыргызстан кеңири катмар үчүн эле иштебестен, улуттук кызыкчылыктарга да басым жасайт", — деди Череменина.

Эскерте кетсек, 2016-жыл президент Алмазбек Атамбаевдин демилгеси менен Тарых жана маданият жылы деп жарыяланган. 

Sputnik (sputniknews.com) — ондогон өлкөлөрдө мультимедиялык маалыматтык хабдарга ээ маалымат агенттиги жана радио. Sputnik өзүнө сайттарды, аналогдук жана санарип радиоберүү, социалдык тармактарда баракчаларды камтыйт. Sputnik маалымат түрмөгүнө жазылгандар үчүн англис араб, испан жана кытай тилдеринде кабарлар күнү-түнү жаңыланып турат.

Жаңылыктар түрмөгү
0