Депутаттардын кызматтык үйдөн баш тартуусу боюнча демилге кайра добушка коюлат

Жазылуу
Аталган мыйзам долбоору коомчулукта кызуу талкуу жаратып, өткөн аптада парламенттен колдоо таппай калган.

БИШКЕК, 22-июн. — Sputnik. Депутаттарга берилүүчү артыкчылыктарды кыскартуу максатында иштелип чыккан депутаттардын кызматтык батирден баш тартуу мыйзам долбоору кайрадан добушка коюлат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин маалымат кызматы билдирди. 

Добушка кайрадан коюу чечимин ЖКнын Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитети кабыл алды.

Акчык жана портмоне. Архив - Sputnik Кыргызстан
Мурунку депутаттар кызматтык батирлерин тапшырды
Эске салсак, аталган мыйзам долбоору Жогорку Кеӊештин 2016-жылдын 15-июнундагы жыйынында четке кагылган.

Мыйзам долбоору "Республика — Ата-Журт" (РАЖ) фракциясынын депутаттарына таандык. Ага ылайык, депутаттардын кызматтык батири алынып, ижарага алган үйү үчүн компенсация төлөнбөйт. Эл өкүлдөрү автобустарда бекер жүрө албай, өлкө аймагына чыкканда унаа бөлүнбөй калат. 

Эске сала кетсек, Жогорку Кеңеш буга чейин кызматтык унаалардан жана бир жардамчыдан баш тартуу мыйзамын кабып алган.

Белгилей кетсек, экс-депутаттар Ашэра Халикова менен Акылбек Султановдор кызматтык батирлерин тапшырган. 

Кызматтык батир алган депутаттардын тизмегин жана добуш берүүнүн жыйынтыгын төмөнкү макаладан окуңуздар. 

Жаңылыктар түрмөгү
0