Бишкек менен Оштун бир катар көчөлөрүндө эки күнгө газ өчүрүлөт

Жазылуу
Көгүлтүр от берүү газ куурларындагы оңдоо иштеринен улам токтотулууда.

БИШКЕК, 22-июн. — Sputnik. Борбор калаада 23-24-июнда Патрис Лумумба, Кубаныч, Кайназаров көчөлөрү жана Дэн Сяопин проспектиси жайгашкан аймактардын бир катар тилкелеринде жаратылыш газы өчүрүлөт. Бул маалыматты "Газпром Кыргызстан" ишканасынын маалымат кызматынан билдиришти.

Ал эми 22-июнда Ош шаарынын Монуев, Фуркат, Баку көчөлөрүнүн тилкелеринде бир күн кечке, тагыраагы 08:00дөн 17:00гө чейин газ болбойт. 

Көгүлтүр от газ куурларындагы оңдоо иштеринен улам өчүрүлүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0