Бишкектин мэрине ЦУМдун жаңы эскизин көрсөтүштү

© Фото / пресс-служба мэрии города БишкекЗаседание Градостроительного совета под председательством мэра Бишкека Албека Ибраимова
Заседание Градостроительного совета под председательством мэра Бишкека Албека Ибраимова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
План боюнча борбордук дүкөндүн аянты 11 миң чарчы метрди түзмөкчү. Мындан тышкары, 500 машина баткыдай үч деңгээлдүү унаа токтотуучу жай куруу пландаштырылууда.

БИШКЕК, 21-июн. — Sputnik. Шейшемби күнү "Бишкекбашкыархитектура" мэр Албек Ибаримовдун төрагалыгы алдында жыйын өткөрдү. Бул тууралуу шаардык муниципалитет билдирди.

© Фото / пресс-служба мэрии города БишкекДүйшөмбү күнү "Бишкекбашкыархитектура" мэр Албек Ибаримовдун төрагалыгы алдында жыйын өткөрдү.
Дүйшөмбү күнү Бишкекбашкыархитектура мэр Албек Ибаримовдун төрагалыгы алдында жыйын өткөрдү. - Sputnik Кыргызстан
1/3
Дүйшөмбү күнү "Бишкекбашкыархитектура" мэр Албек Ибаримовдун төрагалыгы алдында жыйын өткөрдү.
© Фото / пресс-служба мэрии города БишкекЖыйында шаар курулушунун бир нече долбоору сунушталып, анын ичинде "Айчүрөк" дүкөнүн реконструкциялоонун эскизи көрсөтүлдү.
Жыйында шаар курулушунун бир нече долбоору сунушталып, анын ичинде Айчүрөк дүкөнүн реконструкциялоонун эскизи көрсөтүлдү. - Sputnik Кыргызстан
2/3
Жыйында шаар курулушунун бир нече долбоору сунушталып, анын ичинде "Айчүрөк" дүкөнүн реконструкциялоонун эскизи көрсөтүлдү.
© Фото / пресс-служба мэрии города БишкекАрхитектор Сапар Султановдун долбоору боюнча дүкөндүн учурдагы имаратына унаа токтотуучу жай менен базардын аянты кошулмакчы.
Архитектор Сапар Султановдун долбоору боюнча дүкөндүн учурдагы имаратына унаа токтотуучу жай менен базардын аянты кошулмакчы. - Sputnik Кыргызстан
3/3
Архитектор Сапар Султановдун долбоору боюнча дүкөндүн учурдагы имаратына унаа токтотуучу жай менен базардын аянты кошулмакчы.
1/3
Дүйшөмбү күнү "Бишкекбашкыархитектура" мэр Албек Ибаримовдун төрагалыгы алдында жыйын өткөрдү.
2/3
Жыйында шаар курулушунун бир нече долбоору сунушталып, анын ичинде "Айчүрөк" дүкөнүн реконструкциялоонун эскизи көрсөтүлдү.
3/3
Архитектор Сапар Султановдун долбоору боюнча дүкөндүн учурдагы имаратына унаа токтотуучу жай менен базардын аянты кошулмакчы.

Маалыматка ылайык, жыйында шаар курулушунун бир нече долбоору сунушталып, анын ичинде "Айчүрөк" дүкөнүн реконструкциялоонун эскизи көрсөтүлдү. Архитектор Сапар Султановдун долбоору боюнча дүкөндүн учурдагы имаратына унаа токтотуучу жай менен базардын аянты кошулмакчы. 

"Жаңыланган имараттын соода аянты болжол менен 11 миң чарчы метрди түзөт. Мындан тышкары, 500 унаа баткылай үч деңгээлдүү унаа токтотуучу жай курулмакчы", — деп айтылат билдирүүдө.

Муну менен бирге мэр Ибраимов алты миң чарчы метр аянтты ээлей турчу төрөт үйү кирген диагностикалык борбордун долбоору менен таанышты. Курулуш Гагарин, Репин, Айни жана Чортеков көчөлөрү менен кесилишкен 0,3 гектар аянтта жүрөт. Мында 57 унаа үчүн машина токтотуучу жай да каралган.

ЦУМдун жанындагы мажүрүм талдар. Архив - Sputnik Кыргызстан
ЦУМ кооптуу делген мажүрүм талдарды сактап калмай болду
Мэр Ибраимов көчөсүнө окуу борборун курууга уруксат берген жок. 

"Шаар башчысы курулуш компаниясынын чындап эле аз камсыз үй-бүлөлөрдүн балдары үчүн окуу борборун куруу ниетине ишенген жок. Маселе кийинки жыйында каралмай болду", — деп айтылат маалыматта.

Эскерте кеткек, "Айчүрөк" дүкөнүнүн администрациясы июндун башында имараттын жанынан орун алган фонтан комплексин оңдоого киришкен.

Жаңылыктар түрмөгү
0