Атамбаев рактан жабыркаган балдарга 2 млн. сом бөлдү

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент Алмазбек Атамбаев Улуттук онкология борборунун балдар бөлүмүнүн башчысы Гүлнара Жунушалиеваны кабыл алды.
Президент Алмазбек Атамбаев Улуттук онкология борборунун балдар бөлүмүнүн башчысы Гүлнара Жунушалиеваны кабыл алды. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аталган каражат дары-дармек сатып алууга жумшалат.

БИШКЕК, 21-июн. — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев Улуттук онкология борборунун балдар бөлүмүнүн башчысы Гүлнара Жунушалиеваны кабыл алып, дары-дармек үчүн 2 миллион сомдук сертификат тапшырды. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди. 

Балдар ооруканасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Концерттен түшкөн каражатка ак кан оруусуна чалдыккан балдарга дары-дармектер алынды
Жунушалиева жолугушуу учурунда президентке балдар онкологиясы жана гематология жаатындагы көйгөйлөр тууралуу маалымат берип, дарылоочу каражаттар жетишпей жатканын кошумчалады.

Өз кезегинде Алмазбек Атамбаев мамлекет медицинага өзгөчө көңүл буруусу керектигин айтып, сертификат тапшырды. 

Улуттук онкология борборунун балдар бөлүмүнө акыркы үч жыл ичинде президенттин фонду тарабынан 6 миллион 100 миң сом бөлүнгөн. 

Жаңылыктар түрмөгү
0